Жаңылыктар жана окуялар

25.02.2021

21-февраль – Эл аралык эне тил күнү

2021-жылдын 22-февралында онлайн режиминде “Эл аралык эне тил күнүнө” арналган салтанаттуу кече болуп өттү.

Иш-чаранын максаты – дүйнө элдеринин маданий салттары менен тааныштыруу. Элдин эне тилин сактоо жана коргоо – азыркы мезгилдин актуалдуу көйгөйү болуп саналат, анткени азыркы мезгилде ар бир айда экиден тил жок болууда.

1-курстун студенттери

• «Түрк тилинин тарыхы»,

• «Юнеско-БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча адистештирилген мекемеси»,

• «Билингвизм»,

• «Народы мира по языковым семьям и группам», «Славянская группа»,

• «English the language of the international communication»,

• «The English language is little step to the big success» аттуу кызыктуу презентация-баяндамаларды айтып беришти жана кыргыз, орус, түрк, өзбек, англис тилдеринде ырларды көркөм окушту. Университеттин илимий иштери боюнча проректору Батырканова Г.Дж. Эл аралык эне тил күнү менен кызуу куттуктады.

Иш-чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы, программалардын жетекчилери, студенттер, Бишкек шаарынын №9 мектеп- гимназиянын, Чүй областынын Искра орто мектебинин окуучулары активдүү катышты.

Иш-чара ГДДнын окутуучулары, 1-курсттун студенттери тарабынан уюштурулган.

Видео: https://youtu.be/4TzFhicZoek