12.11.2026
М.В.Фрунзенин Мемориалдык үй- музеи
2026-жылдын 12 ноябрь күнү университеттин «Экономика», «Маалыматтык системалар жана технологиялар » программаларынын 1-курсунун студенттери М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй- музеинде болушту.
Музейде студенттерибиз советтик мамлекеттик ишмер, атактуу Кызыл Армиянын командири, аскердик теоретик М.В. Фрунзенин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты.
Студенттер Кыргызстандын тарыхына, анын өмүр баянына байланыштуу уникалдуу документтер, фотосүрөттөр, аскер башчынын туугандары жана жакын достору белек кылган жеке буюмдары, ошондой эле жеке китепканасы, скульптуралары менен да таанышышты.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Иш-чарага чейин студенттерге музей ичинде жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү. Шаарыбыздын театр, музейлерине баруу иш -чаралары МТЖББ программасынын окуу-тарбия иштеринин комплекстүү планына ылайык жүргүзүлөт.
МТЖББ программасы.