Адам Университети 2022 Кабыл алуу кампаниясы баштала тургандыгын жарыялайт. Университетке тапшыруу боюнча кабыл алуу процесси жана талаптар менен таанышып алыңыз. Ошондой эле, Сизге ылайыктуу билим дээңгелин тандаңыз. Бакалавр даражасы - магистратурага чейинки университеттин баштапкы деңгээли. Магистр даражасы – университеттик эң жогорку билим болуп эсептелинет.
Адам Университетинин кабыл алуу комиссиясы онлайн режиминде кабыл алуу боюнча консультацияларды жүргүзѳт. Кеңеш алуу үчүн WhatsApp номерлерине чалып же жазсаңыз болот: +996 707008107, +996 558086580, +996770527794 же онлайн режиминде каттоодон өтүп, сурооңузду электрондук түрдө калтырсаңыз болот. Онлайн режиминде каттоо талапкерлерге 2022-2023 окуу жылына карата "Биринчи болуп, 5% жеңилдетүүнү ал" акциясына катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Адам Университети Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын расмий статусуна ээ. Университеттин билим берүү иши Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган жана толугу менен Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
- Адам Университети Уставы
- Каттоо күбөлүгү
- Жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишин жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № LD160000810 лицензиясы
- Көзкарандысыз Аккредитациядан ѳткѳндүгү тууралуу Сертификат
Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын республиканын жогорку окуу жайларына кабыл алууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу тартиби менен таанышып алыңыз. Адам университетине кабыл алуу эрежелери ушул документке ылайык иштелип чыккан.
Адам Университетинде окутуу 5 багыт боюнча жүргүзүлөт:
Адам университетине 2022-2023 окуу жылына кабыл алуу мөөнөтү 2022-жылдын 20-июнунан башталып, 2022-жылдын 20-августуна чейин созулат.
Керектүү документтердин тизмесин кылдат окуп чыгыңыз. Тандоо комиссиясы келип түшкөн документтердин жалпы талаптарга ылайыктыгын текшерет. Толук эмес документтер кабыл алынбайт.
- Паспорт же жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- Орто билим жөнүндө мамлекеттик документ - аттестат/ орто кесиптик билим жөнүндө диплом же жогорку билим жөнүндө диплом;
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты;
- 3x4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
- Аскердик кызмат ѳтѳѳ жөнүндө күбөлүк эркек балдар үчүн.
Керектүү документтердин тизмесин кунт коюп окуп чыгыңыз. Кабыл алуу комиссиясы кабыл алына турган документтердин жалпы талаптарга шайкеш келишин текшерет. Документтердин толук эмес пакети четке кагылат.
- Орто билими жөнүндөгү аттестат;
- Тийиштүү кирүү визасы бар паспорт;
- Медициналык күбөлүк - форма 086, (Медициналык текшерүү Адам университетинин медициналык борборунда жүргүзүлүшү мүмкүн);
- Такталган формадагы арыз;
- 10 сүрөт (3x4 см).
Сиздер документтерди эки жол менен тапшырсаңыз болот: документтерди кагаз түрүндө кабыл алуу комиссиясынын кеңсесине жеткирүү же онлайн анкета толтуруу.
Бакалавриат жана адистик программаларына арыз берүү мөөнөтү 2022-жылдын 12-июлунан башталат жана 2022-жылдын 20-августуна чейин созулат. Бакалавриат программаларына тапшырган абитуриенттер документтерди кабыл алуу комиссиясына 2022-жылдын 10-сентябрына чейин Бишкек убактысы боюнча саат 18.00 дөн кечиктирбестен тапшырыш керек. Магистратура программаларына тапшырган абитуриенттер документтерди кабыл алуу комиссиясына 2022-жылдын 1-октябрына чейин Бишкек убактысы боюнча саат 18.00 дөн кечиктирбестен тапшырыш керек.
Белгиленген мөөнөттөн кийин кабыл алынган документтер каралбайт, мөөнөтү бардык талапкерлер үчүн бирдей.
Кабыл алуу бөлүмүнүн дареги:
720010, Кыргыз Республикасы
Бишкек ш., 7 Апрель 155а
Документтерди алуу үчүн электрондук почтанын дареги:
admission@adam.edu.kg
Электрондук каттоо формасын толтуруп, арыз берүү мезгилинде кабыл алууга арыз бериңиз. Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн электрондук арыздар каралбайт.
Кош даражадагы программалар эл аралык тажрыйбаны гана эмес, бир бакалавр же магистр программасы боюнча эки дипломдун ээси болууга мүмкүнчүлүк берет. Кош дипломдуу программа боюнча окуган студент өзүнүн адистиги боюнча эки университетте окуп, ошого жараша эки жогорку билим жөнүндө диплом алат.
Окуу эки университетте тең же ырааттуу түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн, бул дагы акчаны үнөмдөйт.
- Балтика эл аралык академиясы, Латвия
- Түштүк-Батыш Неофит-Рылски университети, Болгария
Бакалавриат
Багыттын коду | Окутуу багытынын аталышы | Окуу мѳѳнѳтү | Кирүү сынактары | ||||
Күндүзгү бѳлүм | Сырттан окуу бѳлүмү | 11класстын базасында | ОКБ базасында | ||||
11класстын базасында | ОКБ базасында | 11класстын базасында | ОКБ базасында | ||||
580100 | Экономика | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо Негизги тест үчүн босого балл - 110 балл |
ооз эки маектешүү |
580200 | Менеджмент | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
600200 | Туризм | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
580700 | Бизнести башкаруу | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
710200 | Информациялык системалар жана технологиялар | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
530800 | Эл аралык мамилелер | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
* контракттык окутуу үчүн негизги тест жетиштүү |
Магистратура
Багыттын коду | Окутуу багытынын аталышы | Окутуу мѳѳнѳтүү Күндүзгү бѳлүм |
Кирүү сынактары |
---|---|---|---|
580200 | Менеджмент | 2 жыл | ооз эки маектешүү |
580100 | Экономика | 2 жыл | |
600200 | Туризм | 2 жыл |
Специалитет
Багыттын коду | Окутуу багытынын аталышы | Окутуу мѳѳнѳтү Күндүзгү бѳлүм |
Кирүү сынактары |
---|---|---|---|
560001 | Дарылоо иши | 6 жыл | ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо Негизги тест үчүн босого балл - 110 балл Химия - 55 балл, Биология - 60 балл; |
Докторантура (PHD)
Багыттын коду | Окутуу багытынын аталышы | Окутуу мѳѳнѳтү Күндүзгү бѳлүм |
Вступительные испытания |
---|---|---|---|
580200 | Менеджмент | 3 жыл | ооз эки маектешүү |
580100 | Экономика | 3 жыл |
Абитуриенты с иностранным гражданством поступающие по программам подготовки бакалавров и специалитета, сдают внутренние экзамены (тестирование).
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Направление подготовки, осуществляемые в Университете Адам на 2022-2023 учебный год
Бакалавриат:
Код подразделения |
Наименование направления подготовки |
Стоимость обучения |
Вступительные испытания |
|
Очное отделение |
Заочное отделение |
На базе 11 класса Конкурсный отбор на основе ОРТ |
||
580100 |
Экономика |
34900 сом |
- |
Пороговый балл к основному тесту -110 баллов |
580200 |
Менеджмент |
34900 сом |
- |
|
600200 |
Туризм |
34900 сом |
- |
|
580700 |
Управление бизнесом |
34900 сом |
- |
|
710200 |
Информационные системы и технологии |
36900 сом |
- |
|
560001 |
Лечебное дело |
54500 сом |
- |
Пороговый балл к основному тесту -110 баллов Пороговый балл по биологии-60 баллов химии – 55 баллов |
Магистратура:
Код подразделения |
Наименование направления подготовки |
Стоимость обучения |
Вступительные испытания |
Очное отделение |
ооз эки маектешүү | ||
580100 |
Экономика |
36500 сом |
ооз эки маектешүү |
580200 |
Менеджмент |
36500 сом |
|
600200 |
Туризм |
36500 сом |