Жаңылыктар жана окуялар

16.02.2024

Салымбеков атындагы университетте2024-жылдын 15-февралынан17-февралына чейин Кыргызстандагы Улуттук Эразмус+ офиси тарабынан уюштурулган стратегиялык пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук университеттеринин командалары үчүн тренинг өтүүдө

Тренингге окуу иштери боюнча проректор – А.А.Жамангулов жана сапатты камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Г.Э.Сарбагышева катышышты.

Бул тренингдин максаты билим берүү мекемесинин Стратегиясынын сапатын жогорулатуу үчүн стратегиялык талдоо жана пландаштыруунун методологиясын жана инструменттерин үйрөтүү, ошондой эле университеттин чөйрөсүнө башкаруунун жаңы ыкмаларын жана инновацияларын киргизүү болуп саналат.
Мындан тышкары, тренингде негизги милдеттер көтөрүлдү:
•  стратегиялык башкарууну түшүнүү,
• башкаруу методологиясы жана куралдары,
• аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү,
• кесиптик жана жеке өсүү үчүн мотивация.