Жаңылыктар жана окуялар

11.04.2026

2026-жылдын 11-апрелинде Аутизм спектринин бузулушунун (ASD) актуалдуу маселелерине арналган конференция болуп өттү

Иш-чарага алдыңкы медициналык жогорку окуу жайлардын: RMU, IUK, IHSM, BIMI, IEU жана Avicenna студенттери катышты. Конференция жылуу, достук жана кесипкөй маанайда өтүп, билим жана тажрыйба алмашууга сонун шарт түздү.
Конференциянын жүрүшүндө аутизм менен жабыркаган бейтаптарды диагностикалоо, дарылоо жана социалдык адаптациялоонун заманбап ыкмалары сунушталып, талкууланды. Катышуучулар жигердүү пикир алышып, суроолорду беришти жана талкууларга катышышты, бул теманын актуалдуулугун жана кызыгуунун жогору экендигин тастыктады.
Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга тастыктамаларды (сертификаттарды) тапшыруу аземи болуп, натыйжалуу жана мазмундуу иштин татыктуу жыйынтыгы болду.