01.10.2026
«Жасалма интеллект доорундагы жогорку билим берүү: глобалдык тенденциялар, трансформациялоо стратегиялары жана жаңы академиялык практикалар»
Адам университети жогорку билим берүүдө жасалма интеллектти колдонууга арналган эл аралык конференцияны биргелешип уюштурду
2026-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарында «Жасалма интеллект доорундагы жогорку билим берүү: глобалдык тенденциялар, трансформациялоо стратегиялары жана жаңы академиялык практикалар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Конференцияны Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жана Адам университети Конрад Аденауэр атындагы фонддун колдоосу менен уюштурду.
Талкуунун негизги темалары окутууда жана илимий изилдөөлөрдө жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, санариптик компетенцияларды өнүктүрүү, академиялык ак ниеттүүлүк жана студенттердин өз алдынча ой жүгүртүүсүн сактоо болду.
Германиядан келген эксперттер Йылмаз Аккойун жана доктор Якоб Куллик эл аралык тажрыйба менен бөлүштү. Адам университетинин ректору Светлана Сирмбарддын видеокайрылуусу жасалма интеллект жаатындагы университеттик саясатка, тобокелдиктерге жана жоопкерчиликке арналды.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү медициналык билим берүүдө, ишкердик коммуникацияларда жана тарыхый булактар менен иштөөдө жасалма интеллектти колдонуу ыкмаларын сунушташты. Окутуучулардын кесиптик даярдыгына жана студенттердин окуу-изилдөө иштерине кошкон жеке салымын баалоого өзгөчө көңүл бурулду.
Университеттерде жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу жана жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды камтыган резолюциянын долбоору даярдалды. Анын пункттарынын биринде конференцияда сунушталган баяндамаларды илимий макала түрүндө жарыялоого сунуштоо каралган.
Резолюциянын долбооруна сунуштар 2026-жылдын 8-октябрына чейин, ал эми илимий макалалар 15-октябрына чейин кабыл алынат. Электрондук дарек: rectorat@adam.edu.kg
Адам университети Министрликке, Конрад Аденауэр атындагы фондго, эксперттерге жана бардык катышуучуларга кызматташтыгы жана тажрыйба алмашуусу үчүн ыраазычылык билдирет