Жаңылыктар жана окуялар

31.07.2026

2026-жылдын 28–29-июль күндөрү Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III Форуму өтүүдө

Форум эки өлкөнүн ортосундагы академиялык өнөктөштүктү чыңдоого, университеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, билим берүү жана илим жаатындагы биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган.

Бул Форумда Биздин да ректор, Светлана Рустамовна Сирмбард катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө академиялык интеграция, кош диплом программалары, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, жогорку билим берүүнү санариптештирүү жана жасалма интеллектти билим берүү процессине киргизүү маселелери талкууланууда.

Форумдун бардык катышуучуларына жемиштүү иш, ийгиликтүү жолугушуулар жана жаңы өнөктөштүктөрдү каалайбыз!