Жаңылыктар жана окуялар

15.04.2024

Адам университетинде эл аралык иш - чаралар активдүү өнүгүп жатат!

Студенттерибиз бир семестрди Европа университетинде өткөрүүгө жана жана Европадан келген алдыңкы профессорлордун конок лекцияларын угууга мүмкүнчүлүк алышат.
Эразмус+ академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Эгей университетинен
(Греция) профессор Константинидис Димитриос Адам университетинин окутуучулары жана студенттери үчүн лекция окуйт.
1. Тобокелдик теориясынын  түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы
2. Актуардык жана финансылык математика
Дата: 16,17,18,19-апрель
Саат: 12:00 жана 10:00
Жайгашкан жери: Адам университети, 312 аудитория
Бул уникалдуу тема менен  таанышуу  мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Чет элдик
окутуучулардын кызыктуу лекцияларын өткөрүп жибербөө үчүн жаңылыктарга көз салып туруңуз.
ZOOM  жана каттоо шилтемеси
https://docs.google.com/.../1evyjG0f0A15FUw43XyOS4lo.../edit
https://us06web. zoom.us/j/82445440726..