22.05.2026
Урматтуу студенттер!
2026-жылдын күзгү семестри үчүн Россиянын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетине (УрГЭУ) академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча документтерди кабыл алуу ачылды.
Окуу мөөнөтү:
2026-жылдын 1-сентябрынан 30-декабрына чейин
Жеткиликтүү багыттар:
* экономика
* эл аралык бизнес
* менеджмент
* туризм жана мейманкана иши
* юриспруденция
* финансы
* IT жана маалыматтык технологиялар
* бизнес-аналитика жана башка багыттар
Англис тилиндеги онлайн-курстар жана программалар жеткиликтүү.
Документ тапшыруу мөөнөтү:
* оффлайн окуу — 2026-жылдын 22-июнуна чейин
* онлайн окуу — 2026-жылдын 20-августуна чейин
Толук маалымат жана керектүү документтердин тизмеси боюнча Эл аралык бөлүмгө (319-кабинет) кайрылыңыздар.