Жаңылыктар жана окуялар

12.12.2023

Адам университетинин студенттери жыл сайын Конрад Аденауэр Фонддун "Sur - Place" стипендия сынагына катышат

Ар бир сынак фонд тарабынан белгиленген бирдиктүү эрежелерге жана талаптарга ылайык өткөрүлөт, стипендия алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жаңылыктар жыл сайын ачык түрдө жарыяланат, бирок биринчи этаптан окуу көрсөткүчтөрү жакшы жана документтери туура толтурулган студенттер гана өтөт Ошентип, дагы бир жолу Адам университети кезектеги стипендияга талапкерлерди тандоонун биринчи этабын аяктады.

Берилген көптөгөн арыздардын ичинен эң мыкты 10 студент экинчи турга өтүү үчүн тандалып алынган. Экинчи этапты Фонддун комиссиясы жүргүзөт. Конрад Аденауэр Борбордук Азия боюнча интервью форматында жана бул жыйынтыктоочу этапта стипендиянын жеңүүчүлөрү аныкталат. А азырынча биздин талапкерлерибизге ийгилик каалайбыз!