Жаңылыктар жана окуялар

29.11.2023

Адам университетинин «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын 2-курсунун студенти Нусубалиев Бексултан Бүткүл республикалык Baker Tilly FinOlimp 2023 олимпиадасына катышып,2-орунга ээ болду.

Адам университетинин «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын 2-курсунун студенти Нусубалиев Бексултан Бүткүл республикалык Baker Tilly FinOlimp 2023 олимпиадасына катышып, 2-орунга ээ болду.   

Олимпиадага 600дөн ашык адам катышкан, бирок финалга 103 гана катышуучу чыккан. Олимпиада ProKG Профессионалдар клубу жана «Билимдуу» коомдук фонду тарабынан уюштурулган.     

Быйыл олимпиада үч этап менен өттү. Биринчи эки этап онлайн режиминде өтүп, анда финансылык сабаттуулук, маркетинг, ишкердүүлүк, лидерлик жана коммуникация көндүмдөрү боюнча суроолор берилди.    

Студент эки этапта жеңгенден кийин гана команда оффлайн режиминде катышууга мүмкүнчүлүк алат. Олимпиаданын калыстар тобунун мүчөлөрү студентибиздин практикалык жөндөмүн белгилеп, Бакай Банкка стажировкага чакырышты.