Жаңылыктар жана окуялар

11.04.2024

2024-жылдын 8-апрелинен 9-апрелине чейин Адам университетинин кызматкерлери Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ERASMUS+ долбоорунун алкагында өтүп жаткан “Ишкердикке билим берүү: мыкты тажрыйбалар жана ишке ашыруу стратегиялары” аттуу семинарга

  Семинарга Барселона шаарынан  профессор Пере Хуарес чакырылып, ал ишкердик боюнча билим менен жогорку окуу жайлардын окуу программаларын интеграциялоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
   Семинарга Адам университетинин кызматкерлери: Батырканова Г.Ж.- .- илимий иштер боюнча проректор, Асанакунова А.- юрист, Абыкеева М.А.- доцент, э.и.к., «Экономика» программасынын ага окутуучулары:  Шаршеева А.Н. жана Аманбаева. Ч.Ш. катышышты.
    Бул семинардын максаты - ишкердик билим берүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана аны Кыргызстандын жогорку берүү системасында кантип ишке ашырууга болорун конкреттүү мисалдар менен көрсөтүү, ошондой эле катышуучулардын ишкердик ой жүгүртүүсүн жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берүү.       
    Мындан тышкары, тренингде ишкердик билим берүү көндүмдөрүн жогорулатуу, ишкердик билим берүү тармагындагы кыргызстандык жана эл аралык эксперттер менен практиктердин ортосундагы байланышты чыңдоо менен байланышкан негизги милдеттер көтөрүлдү.