Жаңылыктар жана окуялар

22.02.2024

2024-жылдын 19-февралынан 20-февралына чейин окуу иштери боюнча проректор Жамангулов А.А., өнүктүрүү жана инновация иштери боюнча проректору Сүйөркулова Н.Т. жана «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын жетекчиси Абыкеева М.А.

2024-жылдын 19-февралынан 20-февралына чейин окуу иштери боюнча проректор Жамангулов А.А., өнүктүрүү жана инновация иштери боюнча проректору Сүйөркулова Н.Т. жана «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын жетекчиси Абыкеева М.А. Эразмус+ программасынын Улуттук кеңсеси тарабынан уюштурулган “Кыргызстандын жогорку окуу жайларында көп түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк” деген темада эки күндүк семинарга катышты.

Конок катары Амстердам университетинен билим берүү жана көп түрдүүлүк боюнча эксперт Дэнни Сукарнсингх болду. Анын сөзү “Жогорку билим берүүдөгү көп түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк” темасына арналды.

Семинар интерактивдүү жана практикалык болду, анын ичинде топтук талкуулар жана кейс-стадилер. Семинардын аягында катышуучуларга тренингди ийгиликтүү аяктагандыгын жана алган билимдерин практикалык иш-чараларда колдонууга даярдыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.