Жаңылыктар жана окуялар

06.04.2024

«Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын студенттеринен турган командабыз жаңы бийийтиктерди багындырууну улантууда!

«Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын студенттеринен турган командабыз жаңы бийийтиктерди багындырууну улантууда! Студенттер  19-мартта И.Раззаков атындагы КМТУда менеджмент боюнча IV Эл аралык олимпиадага катышып, “Уюмдун имиджин калыптандырууда жасалма интеллектти колдонуу” темасында билимдерин мыкты көрсөтүштү.
 Биздин студенттер активдүү катышкандыгы үчүн татыктуу сыйлыктар менен сыйлангандары таң калыштуу эмес!
 Биз  билимдүү жана таланттуу студенттерибиз менен сыймыктанабыз!