Жаңылыктар жана окуялар

07.10.2021

Мамлекеттик тил күнү

2021-жылдын 1-октябрында Гуманитардык дисциплиналар департаменти Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүштү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Жыл сайын өлкөбүздө 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленип келет.

 

Гуманитардык дисциплиналар департаменти окуу жайдын 1-2 курстарынын студенттеринин катышуусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык кече даярдашты. Студенттер эне тилдин улуулугун көркөм ырлар, кыргыз бийи, музыкасы, макал-лакаптар аркылуу даңазалап таланттарын көрсөтүштү. Майрамдык кечеге студенттер, профессордукокутуучулар курамы жана окуу жайдын администрациясы катышты.