Жаңылыктар жана окуялар

04.11.2020

Акция «Тилим жүрөгүмдө»

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия республикабыздын жогорку окуу жайларынын арасында «Тилим жүрөгүмдө» аттуу акция (онлайн форматында) жарыялаган. Аталган акцияга Адам университетинин студенттери: Ольмезова Л. (Э-2-20 тайпасы), Коробкина Р. (Т-5-20 тайпасы), Орлова К. (Э-1-19 тайпасы)

жигердүү катышып, кыргыз элинин тил жөнүндө акал-лакаптарын, эне тил жөнүндө ырлардан көркөм окушту. «Тилим жүрөгүмдө» акциясына жигердүү катышкандыгы үчүн Адам университети «Ыраазычылык баракчасы», китептер

жана сыйлыктар менен сыйланышты.