Жаңылыктар жана окуялар

06.04.2024

22-мартта “Экономика, менеджмент жана туризм” программасынын 1-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматында болушту.

    Окуу практикасынын жүрүшүндө “Финансылык көзөмөлдүн тышкы ишмердүүлүгүн стратегиялык пландаштыруу жана координациялоо” бөлүмүнүн башкы адиси Аида Туратбековна Шакеева финансылык туруктуулукту жана рыноктун ачыктыгын камсыз кылууда жүргүзгөн кызматтын ролунун маанилүүлүгүнө токтолду.
    Биздин студенттер каржы институттарын жөнгө салуу, финансылык операцияларга мониторинг жүргүзүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо механизмдери менен таанышты.
    Бул окуу темаларынын практикалык актуалдуулугун жана алардын турмушта колдонулушун түшүнүүгө жардам берген баалуу тажрыйба болду.