Жаңылыктар жана окуялар

17.02.2024

21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык эне тил күнү!

2024-жылдын 16-февралында Адам университетинде “21- февраль Эл аралык эне тил күнү!” аттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталды.
Иш чаранын максаты: Дүйнө элдеринин тилдик жана маданий салттары менен тааныштыруу,өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана диалогго негизделген тилектештикти бекемдөө.
1-2-курстун студенттери арасында эне тили тууралуу дил баян, эң мыкты окурман жана дубал дубал гезиттерге сынактар өткөрүлгөн.
Студенттер «ЮНЕСКО -  Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси» жана«Дүйнө элдеринин тил  үй-бүлөлөрү жана топтору боюнча бөлүнүшү» деген темаларда мазмундуу презентацияларды даярдашты.«Экономика», «Менеджмент»,«Бизнести башкаруу» жана  «Туризм»
багыттарынын, «Дарылоо иши» адистигинин жана ошондой эле  ЖММ студенттери кызыктуу музыкалык номерлерди көрсөтүштү.
  Иш-чараны өткөрүүдө  1- курстун Э-1-23, М-2-23 ,УБ- 3-23,Т-4-23, ИСТ-5-23, ЛД-6-7-23 группаларынын, 2-курстун Э-1-22  жана  ЛД-6-22 группаларынын студенттери активдүү катышышты.
Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, мазмундуу дубал гезит, дилбаян жана мыкты окурманга грамоталар тапшырылды. 
Иш чарага  катышууга ДГД, «Экономика», «Менеджмент»жана «Туризм» программасынын окутуучулары чакырылган.

                                                              Кубатбекова Ш.К, ДГД.