Жаңылыктар жана окуялар

17.02.2024

2024-жылдын 16-февралында Адам Университетинде “21- февраль Эл аралык эне тил күнү!” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Иш чаранын максаты: Дүйнө элдеринин тилдик жана маданий салттары менен тааныштыруу,өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана диалогго негизделген тилектештикти бекемдөө.

1-2-курстун студенттери арасында эне тили тууралуу дил баян, эң мыкты окурман жана дубал дубал гезиттерге сынактар өткөрүлгөн.

Студенттер «ЮНЕСКО -  Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси» жана«Дүйнө элдеринин тил  үй-бүлөлөрү жана топтору боюнча бөлүнүшү» деген темаларда мазмундуу презентацияларды даярдашып жана кызыктуу музыкалык номерлерди көрсөтүштү. 

Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, мазмундуу дубал гезит, дилбаян жана мыкты окурманга грамоталар тапшырылды