Жаңылыктар жана окуялар

25.03.2024

2024-жылдын 15-мартында Адам университетинде «Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо образы» деген темада студенттик илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияны университеттин илимий иштери  боюнча проректору Г. Батырканова куттуктоо сөзү менен ачты, андан кийин саламаттыкты сактоо боюнча программалардын  координатору Р.Б. Айдаралиев ооруну натыйжалуу башкаруу жана алдын алуу боюнча билдирүү жасады.
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү төмөнкүдөй баяндама жасашты:
 - Ч.И.Жунусбаева Кувейт эл аралык университетинен;
- М.А. Мырзалиев  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен;
  -   А.Б. Нурматов М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинен;
-  Б.Шамбетова Эл аралык Ала-Тоо университетинен;
   Адам университетинин студенттери да презентацияларды жасап, ден соолукту чыңдоочу
колдонмолорун көрсөтүштү.
Конференциянын жыйынтыгында бардык ЖОЖ өкүлдөрүнө жана  доклад жасаган студенттерге илимий-практикалык конференцияга катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.
https://www.facebook. com/adamuniversitybafe/videos/963507678628753