12.11.2024
Адам университетинин 2, 3, 4-курстарынын студенттеринин жана магистранттарынын көңүлүнө! Эң сонун мүмкүнчүлүк пайда болду!
Конрад Аденауэр фонду Sur-Place стипендиясына сынак жарыялайт. Стипендия 5 айлык
мөөнөткө ыйгарылат жана стипендиат окууда жакшы жыйынтыктарды көрсөтсө дагы 5 айга узартылышы мүмкүн.
Тандоого катышуу үчүн тышкы байланыштар бөлүмүнө англис же немис тилдеринде төмөнкү документтерди тапшырышыңыз керек:
Стипендияга тапшыруучуга 3x4 см өлчөмүндө чапталган учурдагы сүрөтү менен толтурулган анкета (анкета немис же англис тилдеринде гана толтурулат; анкетаны тышкы байланыштар
бөлүмү, 319-кабинеттен алууга болот
.Резюме;
Мотивация каты;
Академиялык транскрипт;
Окуган жеринен маалымкат;
Орто жана жогорку билими тууралуу документтердин көчүрмөсү:
• Немис же англис тилине котормосу менен орто билими тууралуу аттестаттын көсүрмөсү;
• Немис же англис тилине которулган тиркемеси менен жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү(магистранттар жана PhD студенттер үчүн)
Окуган жеринен эки сунуштама кат.
Көңүл буруңуз:
Котормолор жана документтердин көчүрмөлөрү үчүн нотариалдык күбөлөндүрүү талап
кылынбайт.
Бардык документтер PDF форматында, так көрсөтүлгөн тартипте жана бир файлда берилищи керек.
Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү2024-жылдын 2-декабрына чейин. Бардык суроолор боюнча Тышкыбайланыштар бөлүмү, 319-кабинетке кайрылыңыз !