14.11.2024
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрына баруу
2024-жылдын 12 ноябрь күнү «Экономика,Менеджмент, Бизнести башкаруу,Туризм жана МСТ багытынын” жана “Дарылоо иши” адистигинин 1, 2 жана 3-курстарынын студенттери Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында болушту.
Иш-чаранын максаты: студенттерди кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармалары менен тааныштыруу, мекенчилдикке тарбиялоо, кыргыз элинин маданиятын, каада- салтын билүү.
Студенттер Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейт” терең драма жана трагедияга толгон спектаклин көрүштү. Театрдын таланттуу актерлорунун мыкты эмгегин белгилей кетүү керек, студенттер позитивдүү энергияга ээ болуп, чыныгы жаркын эмоцияларды баштан өткөрүштү.
Студенттерди театрларга, көргөзмөлөргө жана музейлерге алып баруу ДГДнын окуу-тарбия иштеринин комплекстүү планы боюнча жүргүзүлөт.