09.04.2025
И.Раззаковдун Мемориалдык үй- музеи
2025-жылдын 8-апрелинде Адам университетинин 1-2-курсунун студенттери Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барышты. Музейде студенттер Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчикатчысы , 1950-1961-жылдары бул жогорку кызматты аркалаган Исхак Раззаковдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле алар Кыргызстандын тарыхына байланыштуу уникалдуу фотоматериалдар, Исхак Раззаковдун тушунда ишке ашырылган Улуу Чүй каналынын курулушу сыяктуу ири долбоорлор менен да таанышышты.
Бул иш-чара ГДДнын тарбия иштеринин комплекстүү планына ылайык көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 115 жылдыгына карата өткөрүлдү.
ГДД



