01.11.2024
31-октябрда университетибиз“Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда PhD программаларын өнүктүрүү” темасы боюнча өткөн тегерек столуна катышты
Иш-чарада Адам университетинин атынан ректор Сирмбард С.Р., илимий иштер боюнча проректор Батырканова Г.Ж. жана «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын жетекчиси Абыкеева М.А. катышып, сөз сүйлөштү.
Тегерек столдун катышуучулары Кыргызстандагы PhD программалары алдында турган негизги көйгөйлөрдү жана чакырыктарды талкуулашты, тажрыйба алмашышты, докторлук даражалардын сапаты жана таануу маселелери көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн сунуштар иштелип чыкты.
Биз өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана жогорку билим деңгээлин жогорулатууга кошкон өкүлдөрүбүздүн салымы менен сыймыктанабыз!