28.10.2022
25-октябрында Адам университетинде Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу К.Акназаровдун 100-жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага окуу жайдын 1-2-курстары жана окутуучулар катышты. К.Акназаровдун өмур баяны, эмгек жолуна, партиялык ишкердүүлүгүнө арналган презентациялар жана атайын “Өмүрдөгү ак жол” аттуу документалдык фильм көрсөтүлдү.
“Билим, арыбас мээнет аркылуу келечекти куруу” деген темада доклад окулду. Аталган иш-чара кызыктуу жана маанилүү өткөрүлдү.