Жаңылыктар жана окуялар

20.02.2024

2024- жылдын 20 февралында Адам университетинин Жогорку медицина мектебинин медико- биологиялык дисциплиналар департаментинде “Биохимик” илимий ийриминин кезектеги отуруму болду.

2024- жылдын 20 февралында  Адам университетинин  Жогорку медицина мектебинин медико- биологиялык дисциплиналар департаментинде “Биохимик” илимий ийриминин кезектеги отуруму болуп өттү.  Фармакология илимдеринин кандидаты, доц., Эрмекова Д.У. жана И.Ахунбаев  атындагы КММАнын фармацевтика факультетинин 4-курсунун студенти Осмоналиева  С.Т«Энергетикалык суусундуктардын химиялык курамын жана ден соолукка тийгизген таасирин изилдөө» деген темада баяндамалар жасады. Алар энергетикалык суусундуктардын ден соолукка кандай таасир тийгизерин жана энергетикалык суусундуктардын курамын изилдөөнүн жыйынтыгын белгилешти. Докладдар зор кызыгууну жаратып, кызуу талкуулар болду. Катышуучулардын  суроолоруна илимий жактан мазмундуу жооптор берилди.
Студенттердин энергетикалык суусундуктар тууралуу маалыматы боюнча сурамжылоо жүргүзүлдү. Семинардын аягында мыкты илимий иштери үчүн Адам университетинен «Ыраазычылык каты» тапшырылды.