17.02.2024
2024-жылдын 16-февралында Адам Университетинде “21- февраль Эл аралык эне тил күнү!” аттуу иш-чара өткөрүлдү
Иш чаранын максаты: Дүйнө элдеринин тилдик жана маданий салттары менен тааныштыруу,өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана диалогго негизделген тилектештикти бекемдөө.
1-2-курстун студенттери арасында эне тили тууралуу дил баян, эң мыкты окурман жана дубал дубал гезиттерге сынактар өткөрүлгөн.
Студенттер «ЮНЕСКО - Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген мекемеси» жана«Дүйнө элдеринин тил үй-бүлөлөрү жана топтору боюнча бөлүнүшү» деген темаларда мазмундуу презентацияларды даярдашып жана кызыктуу музыкалык номерлерди көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгы чыгарылып, мазмундуу дубал гезит, дилбаян жана мыкты окурманга грамоталар тапшырылды







