Адам ресурстарын башкаруу жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн иши беш кызмат боюнча ишке ашырылат:
- Кадрлар бөлүмү (окутуучулар курамы жана университеттин кызматкерлери);
- Студенттик кадрлар кызматы;
- Адам университетинин Технология жана инновацияларды колдоо борбору
(СТТИ УА);
- укуктук колдоо кызматы;
- Архивдик кызмат.
Бөлүм өз ишинде кадрлар менен иштөө үчүн заманбап маалыматтык технологияларды колдонот; эмгекти, өндүрүштү жана башкарууну уюштурууну жакшыртууга, университеттин эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган социологиялык жана психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт; башка түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте, эмгекти коргоо эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын камсыздайт.
Бөлүм өз ишинде төмөнкү эрежелер менеy иш алып барат:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана буйруктары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору жана буйруктары;
- Университеттин Уставы жана университеттин башка ченемдик укуктук актылары.