Университет мамлекеттик түзүмдөр, иш берүүчүлөр, коомдук жана эл аралык уюмдар, ошондой эле Европа, Азия университеттери, алардын ичинде: Улуу Британия, Германия, Франция, Испания, Норвегия, Швеция, Финляндия, Италия, Литва, Латвия, Россия Федерациясы, Казахстан Республикасы ж.б. менен кеңири кызматташтык байланышта. Тышкы байланыштар бөлүмү Университеттин улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кыэматташтык байланыштарды ишке ашырат.
Университет түзүлгөндөн бери долбоордук ишмердүүлүк жаатында жигердүү иштеп келет. Университеттин билим берүү программалары Европанын алдыңкы университеттери менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан.

Университет өзүнүн биринчи долбоорун 1995-жылы Тынчтык Корпусу, Евразия Фонду жана “Жумушсуздар үчүн кесиптик окутуу” боюнча Каунтерпарт Консорциумунун колдоосу менен жеңип алган. Билим берүү иш-аракеттеринин алкагында Адам университети ЕБ, ЕККУ, USAID, БАЕФ, АӨБ жана башка донор уюмдар, анын ичинде Европа университеттери менен биргеликте 70тен ашык долбоорду ишке ашырды. Адам муниверситети  Еврокомиссия колдогон «Erasmus+»  долбоорунун активдүү катышуучусу. 1999-жылдан 2012-жылга чейин АУ ар кандай тармактагы 14төн ашык «ТEMPUS» и «Erasmus» долбоорлорун ишке ашырган.