Адам Университети / БФЭА 2004-жылы Болон процессинин - которуу жана кредит топтоо системасынын алкагында билим берүүгө өткөн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы  пилоттук окуу жайлардын катарында жана “Бакалавр” даражасын ыйгаруу менен бакалавр программалар боюнча окутууну камсыз кылат. 2005-жылы “Экономика” жана “Менеджмент” багыттары боюнча магистрлик программалар ачылган. Ошол эле учурда беш жылдык программа боюнча адистерди даярдоо жүргүзүлгөн. 2009-жылы “Туризм” багыты боюнча  магистрлик программа ачылган.

Академиянын өнүгүшүнүн бардык баскычтарында билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурулган. БФЭА республикабыздын жогорку окуу жайларынын ичинен алгачкылардан болуп CAMEQ көз карандысыз аккредитациялык агентствонун институционалдык  аккредитациясынан өткөн жана билим берүү сапатынын ”Алтын диплому”  менен сыйланган.

2013-жылы пилоттук жождун катарында университет PhD программасы боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдай баштаган. Университетте билим берүү процесси квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрлар тарабынан камсыз кылынат:

  • Илимдин докторлору - 10%
  • Илимдин кандидаты - 37%
  • Магистрлер - 18%

БФЭА финансы жана экономикалык чөйрө үчүн 2118 бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарган, учурда алар өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде ийгиликтүү  кызмат кылышууда.