Кабыл алуу эрежелери
Адам Университети 2023 Кабыл алуу кампаниясы баштала тургандыгын жарыялайт. Университетке тапшыруу боюнча кабыл алуу процесси жана талаптар менен таанышып алыңыз. Ошондой эле, Сизге ылайыктуу билим дээңгелин тандаңыз. Бакалавр даражасы - магистратурага чейинки университеттин баштапкы деңгээли. Магистр даражасы – университеттик эң жогорку билим болуп эсептелинет.
Адам Университети Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын расмий статусуна ээ. Университеттин билим берүү иши Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган жана толугу менен Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
-
Адам Университетинин Уставы
-
Каттоо күбөлүгү
-
Жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишин жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № LD160000810 лицензиясы
-
Көз карандысыз Аккредитациялоо тууралуу Сертификат
-
Көз карандысыз Улуттук Институционалдык аккредитация жөнүндө Сертификат 2021
-
Эл Аралык Аккредитациянын Сертификаты 2021 ж.
Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын республиканын жогорку окуу жайларына кабыл алууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу тартиби менен таанышып алыңыз. Адам университетине кабыл алуу эрежелери ушул документке ылайык иштелип чыккан.
Адам Университетинде окутуу 5 багыт боюнча жүргүзүлөт:
Кыргыз Республикасынын жарандары Бакалавриат жана адистик программаларына тапшыруу эрежелери: Адам университетине кирүү экзамендерин тапшыруу мөөнөтү: жайкы кабыл алуу – 1-июлдан 25-августка чейин;кышкы кабыл алуу — 20-декабрдан 15-февралга чейин.
Бакалавр жана адистик программаларына кирүү, чет өлкөлүк жарандар үчүн: Адам университетине кирүү экзамендерин тапшыруу мөөнөтү: жайкы кабыл алуу – 1-августтан 1-декабрга чейин;
кышкы кабыл алуу — 20-декабрдан 15-февралга чейин.
Магистратурага тапшырган абитуриенттер үчүн: Адам университетине 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 2023-жылдын 20-июнунда башталып, 2023-жылдын 1-октябрына чейин созулат.
Керектүү документтердин тизмесин кылдат окуп чыгыңыз. Тандоо комиссиясы келип түшкөн документтердин жалпы талаптарга ылайыктыгын текшерет. Толук эмес документтер кабыл алынбайт.
- Паспорт же жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- Орто билим жөнүндө мамлекеттик документ - аттестат/ орто кесиптик билим жөнүндө диплом же жогорку билим жөнүндө диплом;
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты;
- 3x4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
- Аскердик кызмат ѳтѳѳ жөнүндө күбөлүк эркек балдар үчүн.
Керектүү документтердин тизмесин кунт коюп окуп чыгыңыз. Кабыл алуу комиссиясы кабыл алына турган документтердин жалпы талаптарга шайкеш келишин текшерет. Документтердин толук эмес пакети четке кагылат.
- Орто билими жөнүндөгү аттестат;
- Тийиштүү кирүү визасы бар паспорт;
- Медициналык күбөлүк - форма 086, (Медициналык текшерүү Адам университетинин медициналык борборунда жүргүзүлүшү мүмкүн);
- Такталган формадагы арыз;
- 10 сүрөт (3x4 см).
Кабыл алуу үчүн документтерди тапшыруу кагаз түрүндө кабыл алуу комиссиясынын кеңсесине жеке өзү тарабынан жүргүзүлөт.
Бакалавриат жана адистик программаларына тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 17-июлунда башталат. Бардык документтер кабыл алуу комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 30-августунан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек. Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер каралбайт, тапшыруу мөөнөтү бардык талапкерлер үчүн бирдей.
Магистратура программаларына тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 20-июнунда башталып, 2023-жылдын 1-октябрына чейин созулат. Бардык документтер кабыл алуу комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек. Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер каралбайт, тапшыруу мөөнөтү бардык талапкерлер үчүн бирдей.
Кабыл алуу бөлүмүнүн дареги:
720010, Кыргыз Республикасы
Бишкек ш., 7 Апрель 155а
Кош даражадагы программалар эл аралык тажрыйбаны гана эмес, бир бакалавр же магистр программасы боюнча эки дипломдун ээси болууга мүмкүнчүлүк берет. Кош дипломдуу программа боюнча окуган студент өзүнүн адистиги боюнча эки университетте окуп, ошого жараша эки жогорку билим жөнүндө диплом алат.
Окуу эки университетте тең же ырааттуу түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн, бул дагы акчаны үнөмдөйт.
- Балтика эл аралык академиясы, Латвия
- Түштүк-Батыш Неофит-Рылски университети, Болгария
Бакалавриат
Багыттын коду | Окутуу багытынын аталышы | Окуу мѳѳнѳтү | Кирүү сынактары | ||||
Күндүзгү бѳлүм | Сырттан окуу бѳлүмү | 11класстын базасында | ОКБ базасында | ||||
11класстын базасында | ОКБ базасында | 11класстын базасында | ОКБ базасында | ||||
580100 | Экономика | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо Негизги тест үчүн босого балл - 110 балл |
ооз эки маектешүү |
580200 | Менеджмент | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
600200 | Туризм | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
580700 | Бизнести башкаруу | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
710200 | Информациялык системалар жана технологиялар | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
530800 | Эл аралык мамилелер | 4 жыл | 3 жыл | - | - | ||
* контракттык окутуу үчүн негизги тест жетиштүү |
Магистратура
Багыттын коду | Окутуу багытынын аталышы | Окутуу мѳѳнѳтүү Күндүзгү бѳлүм |
Кирүү сынактары |
---|---|---|---|
580200 | Менеджмент | 2 жыл | ооз эки маектешүү |
580100 | Экономика | 2 жыл | |
600200 | Туризм | 2 жыл |
Специалитет
Багыттын коду | Окутуу багытынын аталышы | Окутуу мѳѳнѳтү Күндүзгү бѳлүм |
Кирүү сынактары |
---|---|---|---|
560001 | Дарылоо иши | 6 жыл | ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо Негизги тест үчүн босого балл - 110 балл Химия - 60 балл, Биология - 60 балл; |
Абитуриенты с иностранным гражданством поступающие по программам подготовки бакалавров и специалитета, сдают внутренние экзамены (тестирование).
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Багытынын коду |
Даярдоо багытынын аталышы |
Окуу акысы |
Кирүү сынактары |
Күндүзгү бөлүмү |
11-класстын базасында ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо |
||
580100 |
Экономика |
34900 сом |
Негизги тесттин босого баллы – 110 балл |
580200 |
Менеджмент |
34900 сом |
|
600200 |
Туризм |
34900 сом |
|
580700 |
Бизнес башкаруу |
34900 сом |
|
710200 |
Маалыматтык системалар жана технологиялар |
36900 сом |
|
560001 |
Дарылоо иши |
75000 сом |
Негизги тесттин босого баллы – 110 балл Босого балл: Биология - 60 баллов; Химия – 60 баллов |
Магистратура:
Багытынын коду |
Даярдоо багытынын аталышы |
Окуу акысы |
Кирүү сынактары |
Күндүзгү бөлүмү |
|
||
580100 |
Экономика |
37900 сом |
ооз эки маектешүү |
580200 |
Менеджмент |
37900 сом |
|
600200 |
Туризм |
37900 сом |