15.01.2025
“Кыргызстанда климат жана айланма экономика тармагындагы лидерлерди өнүктүрүү” жаңы программасынын ишке кириши
Программа Кыргыз Республикасынын университеттеринин 50 студентин окутат.
Долбоор экологиялык маалымдуулукту, жарандык активдүүлүктү жана лидерликти өнүктүрүүгө багытталган. Программанын катышуучулары абанын булганышы, климаттын өзгөрүшү жана калдыктарды башкаруу боюнча коомчулуктун долбоорлорун иштеп чыгышат, алар калктын кеңири катмарына жетет.
Кыргызстандагы Климаттык жана айланма Экономикадагы Лидерликти Өнүктүрүү Программасы АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен UNISON тобу менен өнөктөштүктө10 Billion Strong тарабынан ишке ашырылууда.
10 Billion Strong – глобалдык туруктуулукту жактаган америкалык экологиялык уюм.
Шилтемеге кирип, арызыңызды 2025-жылдын31-январына чейин тапшырыңыз.
Арыз берүү үчүн шилтеме: https://tenbillionstrong. org/kyrgyz/
