Жаңылыктар жана окуялар

26.11.2024

«Баалуу кагаздар рыногу» дисциплинасынын алкагында«Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын студенттери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган долбоордук тапшырмаларды аткарышты

«Баалуу кагаздар рыногу» дисциплинасынын алкагында«Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын студенттери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган долбоордук тапшырмаларды аткарышты. Ар бир команда улуттук баалуу кагаздар рыногунун түрдүү катышуучуларынын ишмердүүлүгүн чагылдырганвидеоролик даярдашкан.
Университеттин окуу иштери боюнча проректору А.А.Жамангуловдун төрагалыгы астында өткөн сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталды:
Биринчи орун – “Депозитарий” командасы;
Экинчи орун – “Investron” командасы;
Үчүнчү орун – “Биржа кыздары” командасы.
Сынакты аталган дисциплинанын окутуучусу, ф.и.к. Сарбагышева Г.Е уюштурган.
Жеңүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды тырышчаактыгы жана чыгармачылыгы үчүн куттуктайбыз!