23.01.2025
Адам университети сизди Салоникидеги Аристотель университети менен алмашуу программасына катышууга чакырат!
2025-жылы Адам университети менен Аристотель университетинин(Салоники, Греция) профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда алмашуу программасы башталганын кубанычтуу жарыялайбыз !
Бул программа Эразмус+ KA107 долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат жана университеттер ортосундагы эки тараптуу келишимге негизделген. Программага катышуу
профессионалдык өнүгүүгө, эл аралык илимий байланыштарды орнотууга жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Ким катыша алат?
Программа Эл аралык академиялык мобилдүүлүккө кызыккан Адам Университетинин
окутуучулары үчүн ачык.
Кандай документтер талап кылынат?
Europass форматындагы резюме (CV).
Мотивация каты жана изилдөө планы.
Программанын директорунун рекомендация каты
Бардык документтер англис тилинде жазылып, тышкы байланыштар бөлүмүнө кагаз түрүндө берилиши керек.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025 ж, 31 январы.
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуу жана унутулгус тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Кошумча маалымат алуу үчүн Адам университетинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн
319- кабинетине кайрылыңыз.
Дүйнөлүк академиялык коомчулуктун бир бөлүгү бол!
