Жаңылыктар жана окуялар

03.03.2025

Адам университетинин Маалыматтык системалар жана технологиялар программасынын 4-курсунун студенттери реалдуу заказдардын негизинде дипломдук долбоорлорду иштеп чыгууда!

Биздин келечектеги IT адистерибиз Адам университетинин ар кандай бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташтыкта бүтүрүү квалификациялык ишинин үстүндө иштешет. Долбоорлордун техникалык шарттары тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлери жана университеттин маалымат бөлүмү менен биргеликте иштелип чыккан. Илимий жетекчиликти математика жана табият таануу департаментинин окутуучулары жүргүзүшөт.

Аякталган долбоорлор студенттердин кесиптик портфолиосунун бир бөлүгү болуп калаарын белгилей кетүү маанилүү, бул аларга потенциалдуу иш берүүчүлөргө өз ишинин реалдуу натыйжаларын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Мындай практикалык тажрыйба жана ийгиликтүү аяктаган долбоорлордун болушу биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө эмгек рыногунда олуттуу атаандаштыкка артыкчылык берет!

Биз студенттерге долбоорлорду аткарууда ийгилик каалайбыз жана  кызыктуу жана пайдалуу жыйынтыктарды күтөбүз!

Видео