Жаңылыктар жана окуялар

01.10.2025

Цвиккау колдонмо илимдер университети (WHZ), Германия менен кызматташуу

Бүгүн, 29-сентябрда, Адам унивнрсиететинин ректору Светлана Сирмбард Цвиккау колдонмо илимдер университетинин (WHZ) ректору, профессор Штефан Кассель менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө медицина жана бизнес-администрация тармагындагы эл аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү перспективалары талкууланды. Жолугушууга улуттук координатор Гүлнара Исаева да катышып, Erasmus+ программасынын жана башка эки тараптуу демилгелердин алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Иш сапар академиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле университеттер арасында тажрыйба алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталды.