06.10.2025
Болон процесси боюнча симпозиум, Бухарест
2025-жылдын 1-2-октябрында Европадан, Борбордук Азиядан, Жер Ортолук деңиз аймагынан жана башка өлкөлөрдөн 70тен ашык жогорку билим берүү лидерлери, саясатчылар жана эксперттер SPHERE программасынын алкагында уюштурулган Болон процесси боюнча симпозиумга катышуу үчүн Бухарестте чогулушту. Бул маанилүү иш-чарага биздин университеттин ректору, жогорку билим берүү реформасы боюнча эксперт Сирмбард Светлана Рустамовна катышты. Анын катышуусу Кыргызстандагы жогорку билим берүү реформасы боюнча тажрыйба алмашууга, эл аралык диалогду бекемдөөгө жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түздү. Ошондой эле симпозиумга Болон процесси боюнча жумушчу топтун (BFUG) өкүлдөрү, жогорку билим берүү реформасы боюнча эксперттер (HEREs) жана Erasmus+ улуттук офистин (NEOs) өкүлдөрү катышып, талкууларды өткөрүштү.