Жаңылыктар жана окуялар

20.08.2024

Бүгүн Кыргыз-Россия билим берүү тармагындагы инновациялык чечимдер жарманкесинде Адам  университетинин ректору Светлана Рустамовна  Сирмбард

Бүгүн Кыргыз-Россия билим берүү тармагындагы инновациялык чечимдер жарманкесинде Адам  университетинин ректору Светлана Рустамовна  Сирмбард. «Жаңы формациядагы мугалимдерди даярдоонун заманбап ыкмалары» темасындагы тегерек столдун модератору катары катышты.
Талкуунун жүрүшүндө мугалимдерди инновациялык даярдоонун өзгөчөлүктөрү каралып,
катышуучулар билим берүү максаттарын ишке ашыруудагы тажрыйбалары менен  бөлүшүштү.
 Тегерек столдун негизги темалары төмөнкүлөрдү камтыды :
- инновациялык билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу;
- үзгүлтүксүз педагогикалык окуу;
- мектепке чейинки билим берүү тармагында адистерди даярдоодо инновациялык ыкмалар;
- кошумча билим берүүнүн заманбап практикасы.

Иш-чара Кыргызстан менен Орусиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын
бекемдөөгө багытталган. Катышуучулар мугалимдердин кесиптик компетенцияларын
өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу жана эки өлкөнүн билим сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мындай жолугушуулардын маанилүүлүгүн  баса  белгилешти.