Жаңылыктар жана окуялар

30.09.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 28-сентябрында, Борбордук Азиядагы Америка университетинде «Борбордук Азия+» ректорлор клубунун «Өзгөрүүлөр жолу: заманбап академиялык чөйрөдөгү лидерликтин көйгөйлөрү» темасындагы отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 28-сентябрында, Борбордук Азиядагы Америка университетинде «Борбордук Азия+» ректорлор клубунун «Өзгөрүүлөр жолу: заманбап академиялык чөйрөдөгү лидерликтин көйгөйлөрү» темасындагы отуруму болуп өттү.

Жыйында жогорку билим берүүнү реформалоо жана университеттер туш болгон жаңы чакырыктар боюнча негизги маселелер талкууланды. Биз Борбордук Азияда билимдин сапатын жогорулатууга жана академиялык лидерликти өнүктүрүүгө багытталган бул өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү экенибизге сыймыктанабыз.