09.10.2024
31-сентябрдан 4-октябрга чейин окутуучу Аманбаева Ч.Ш. жана «Экономика, менеджмент жана туризм» программасынын студенти Мырзыгул кызы Сезим Инновациялык борбордо өткөрүлгөн тренингге катышты.
Тренинг учурунда бизнес-моделдер, SMM, санарип маркетинг, бизнес-план түзүү жана продуктуну илгерилетүү сыяктуу маанилүү темалар талкууланды. Катышуучулар теорияны гана үйрөнбөстөн, материалды практикалык жактан бекемдешти.
Эми алар өз билимдерин студенттер үчүн мастер-класс өткөрүү менен бөлүшүүгө даяр! Жаңылыктарды кутуп, бул уникалдуу мүмкүнчүлүктөн артта калбаңыз!