Жаңылыктар жана окуялар

28.08.2024

Адам университетинин жетекчилиги 2024 жылдын 26-27-августунда “Кыргыз Республикасынын билим уюмдарында институционалдык жана программалык аккредитацияны уюштуруу жана өткөрүү” темасындагы семинарга катышат

Адам университетинин жетекчилиги 2024 жылдын 26-27-августунда “Кыргыз Республикасынын билим уюмдарында институционалдык жана программалык аккредитацияны уюштуруу жана өткөрүү” темасындагы семинарга катышат.
Семинар Көз карандысыз Казакстандын Аккредитация борбору ( ККАБ) тарабынан уюштурулган.
Семинардын максаты – ККАБнун эксперттерин бардык деңгээлдеги билим берүү
уюмдарын институционалдык жана программалык аккредитациялоо процедураларына
катышууга окутуу.  Семинардын катышуучуларынын арасында жогорку окуу жайынан кийинки, башталгыч, орто кесиптик билим берүү, ошондой эле жалпы жана мектепке чейинки билим билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү бар.

Семинардын программасына алдыңкы эксперттердин презентациялары, чакан топтордо
иштөө жана дискуссиялык панелдер кирет. Семинардын биринчи күнүндө катышуучулар
аккредитациялоонун ченемдик-укуктук аспектилери жана билим берүү уюмдарын сырттан баалоону өткөрүүнүн тартиби менен таанышат. Экинчи күн практикалык көнүгүүлөргө жана аккредитациялык отчетторду талдоого арналат.
Семинардын аягында катышуучуларга билим билим берүү программаларын жана мекемелерди  аккредитациялоо жаатындагы квалификациясын тастыктаган сертификаттар тапшырылат.