Жаңылыктар жана окуялар

13.09.2024

2024-жылдын 12 сентябрында Сочи шаарында «Петербург маеги» форумунун демилгеси менен өткөрүлүп жаткан “Таланттарды башкаруу: адамдык капиталды жана өлкөнүн инновациялык потенциалын өнүктүрүүнүн стратегиялары жана технологиялары”

2024-жылдын 12 сентябрында Сочи шаарында «Петербург маеги» форумунун демилгеси менен өткөрүлүп жаткан “Таланттарды башкаруу: адамдык капиталды жана өлкөнүн инновациялык потенциалын өнүктүрүүнүн стратегиялары жана технологиялары” тегерек столунун алкагында Адам университетинин ректору Адам Университетинин 2025-2030-жылдарга өнүктүрүү стратегиясынын ишинин жаңы багыттары боюнча маалымат берди. 
Ректор маалымдамада белгилегендей, стратегиянын негизги басымы динамикалуу өзгөрүп жаткан глобалдык чөйрөдө натыйжалуу иштөө жана анын прогрессивдүү трансформациясына жигердүү катышуу үчүн зарыл болгон компетенцияларга жана көндүмдөргө ээ адистерди даярдоо максатында инновациялык ыкмаларга негизделген ийкемдүү билим берүү программаларын өнүктүрүүгө багытталган.
Бул багытты ишке ашыруу үчүн Адам университети төмөнкү иш-чараларды ишке ашырууну пландаштырууда: жекелештирилген модулдук билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана өнүктүрүү, санариптик микроквалификациялар системасын ишке ашыруу, minor программаларын жана кыска мөөнөттүү курстарды өнүктүрүү. Бул методдор студенттерге жана угуучуларга эмгек рыногунун өзгөрүп жаткан талаптарына ыңгайлашып, жеке жана кесиптик максаттарга ылайык окуусун ыңгайлаштырууга мүмкүндүк берет.