13.01.2025
Адам университеттин ректору Сирмбард С.Р., 13-январда КР Билим берүү жана илим министрлигинин делегациясынын курамында медициналык билим берүү жана илим тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерине арналган жыйынга катышууда
Адам университеттин ректору Сирмбард С.Р., 13-январда КР Билим берүү жана илим министрлигинин делегациясынын курамында
медициналык билим берүү жана илим тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерине арналган жыйынга катышууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланат:
— университеттер ортосунда тажрыйба алмашуу
— биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
— академиялык программалардыиштеп чыгуу.
Визит жылуу жана конструктивдүү кырдаалда өтүп жатат, өз ара түшүнүшүүгө жана мындан аркы иштердин багыттарын макулдашууга бизге чоң мүмкүндүк берет.
Эки тарап тең эл аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешип, биргелешкен аракеттер адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга, медициналык изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоого инновациялык ыкмаларды киргизүүгө жардам берерине ишеним билдиришти.
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана алдыңкы Илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана алдыңкы билим берүү долбоорлорун жана илимий демилгелерди ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенүүнү улантуу пландаштырылууда.

