13.06.2025
Урматтуу кесиптештер!
Конференцияга катышууга чакырабыз!
Сиздерди 2025-жылдын 18-июнунда саат 09:30да өтө турган «Туруктуулуктун төрт өлчөмү: регион, өлкө, университет, адам» аттуу конференцияга катышууга чакырабыз.
Өткөрүлүүчү жери: «Кыргызпатент» инновациялык борбору (дареги: Бишкек ш., Эркиндик бул., 58А).
Иш-чара жөнүндө
Конференция улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп, глобалдык чакырыктар шартында туруктуу өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган. Иш-чара төмөнкүлөрдү бириктирет:
• университеттердин өкүлдөрүн,
• эксперттик коомчулукту,
• мамлекеттик түзүмдөрдү,
• жарандык коомду,
• эл аралык уюмдарды.
Талкуунун борборунда туруктуулуктун төрт негизги өлчөмү турат:
• региондук
• улуттук
• институционалдык
• инсандык
⸻ Катышуу форматы: • (офлайн)
• онлайн-катышуучулар үчүн Zoom аркылуу туташуу камсыздалат
⸻ Катышууңузду 2025-жылдын 14-июнуна чейин каттоодо көрсөтүлгөн e-mail, электрондук почтага тастыктооңузду суранабыз.
https://forms.gle/Lof8AdASoR3e2zNT8
Байланыш маалыматы:
Суеркулова Нуркыз Темиркуловна
Телефон / WhatsApp: +996 558 190 882
E-mail:
• rectorat@adam.edu.kg
• suerkulova@adam.edu.kg
⸻
Биз сизди жыйындын катышуучусу катары көрүүгө кубанычтабыз!
