Жаңылыктар жана окуялар

24.02.2025

«Маалыматтык системалар жана технологиялар» адистигинин 2-курсунун студенти Турдушова Диананы

«Маалыматтык системалар жана технологиялар» адистигинин 2-курсунун студенти Турдушова Диананы «Чыгармачыл индустрияда долбоорлорду башкаруу: event индустриясы» квалификациясын жогорулатуу программасын ийгиликтүү аяктагандыгы менен куттуктайбыз! 
Диана биздин өнөктөшүбүз болгон Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинде “Чыгармачыл тармактарда долбоорлорду башкаруу: event индустриясы” курсун ийгиликтүү аяктап, IT-технологиялар тармагында келечектеги карьерасын курууга жардам бере турган кошумча көндүмдөрдү алды.
Заманбап IT адиси бул бир гана код жана технология эмес, ошондой эле долбоорлорду башкаруу, командада иштөө жана инновацияларды ишке ашыруу жөндөмү. Мындай программалар сиздин жумшак көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, көз карашыңызды кеңейтүүгө жана келечектеги карьераңыз үчүн портфолиоңузду чыңдоонун эң сонун жолу! 
Диана ийгиликке ишенимдүү кадам таштоодо жана алдыда аны жаңы сонун долбоорлор күтүп турат!  Куттуктайбыз жана чоң ийгиликтерди каалайбыз!