Жаңылыктар жана окуялар

22.01.2025

Куттуктайбыз!

Биз мыкты жаңылык менен  бөлүшүүгө сыймыктанабыз: Адам университетинин студенттери Конрад Аденауэр Фондунун SUR PLACE стипендиялык программасына ийгиликтүү өтүштү!
Жалилов Эрмек            -     2- курстун М-2-23 группасынын студенти.
Юнусмухамедова Лейла  - 3-курстун Э-1-22 группасынын студенти.
Биздин студенттер  бул программа окууда жана өзүн-өзү өнүктүрүүдө колдоо алуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк берет. 2025-жылдын 1-февралынан 30-июнуна чейин алар ай сайын
стипендия алышат, ошондой эле фонддун билим берүү жана волонтердук долбоорлоруна катышышат.
Студенттерибизге окууда  чоң ийгиликтерди, билимдерин тереңдетүүдө  жаңы  жетишкендиктерди каалайбыз!