23.05.2025
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрына баруу
2025-жылдын 23 май күнү «Экономика,Менеджмент, Бизнести башкаруу багытынын” 2 курсунун жана “Дарылоо иши” адистигинин 1курсунун студенттери Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында болушту.
Иш-чаранын максаты: студенттерди Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө тарыхый роль ойногон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун өмүр баяны жана саясий ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, студенттерди патриоттуулукка, Мекенди сүйүүгө тарбиялоо.
Студенттер Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматов менен жубайы Нагима Айтматованын 120 жылдыгына арналган терең драмалык «Акыркы кат» спектаклин көрүштү. Чыгарманын автору КР эл жазуучусу К.Иманалиев. Театрдын таланттуу актерлорунун мыкты эмгегин белгилей кетүү керек, студенттер позитивдүү энергияга ээ болуп, чыныгы жаркын эмоцияларды баштан өткөрүштү.
Студенттерди театрларга, көргөзмөлөргө жана музейлерге алып баруу ГДДнын окуу-тарбия иштеринин комплекстүү планы боюнча жүргүзүлөт.



