Жаңылыктар жана окуялар

20.06.2025

Адам университетинин Жогорку медициналык мектебинин эл аралык кызматташтыгы: медициналык билим берүүнү өнүктүрүүнүн жаңы этабы

2025-жылдын 1-июнунан 11-июнуна чейин Адам Университетинин Жогорку медициналык мектебинин делегациясы Пакистан Ислам Республикасынын алдыңкы медициналык мекемелери менен стратегиялык өнөктөштүк түзүү максатында расмий сапар менен барды. Иш сапардын  негизги багыты - медициналык студенттер үчүн өндүрүштүк практиканын жана клиникалык стажировканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Иш сапардын алкагында төмөнкү медициналык мекемелер менен өнөктөштүк мамилелер түзүлүп, келишимдер менен бекитилди:
Family Clinic, Исламабад ш.
Пять клиник, Сангла-Хилл ш.
Sheikh Zayed Hospital (1000 коек), Рахим-Яр-Хан ш.
DHQ Hospital (380 коек) и Arif Hospital, Бахавалнагар ш.
THQ Hospital, Минчинабад ш. (80–90 керебет)
THQ Hospital, Хавели Лакха ш. (60 керебет)
Түзүлгөн келишимдер Медицина жогорку мектебинин 200дөн ашык студентине клиникалык практикадан жана стажировкадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул практикалар медициналык багыттардын кеңири спектрин камтыйт — баштапкы медициналык-санитардык жардамдан тартып адистештирилген оорукана терапиясына чейин.
Мындай демилге университеттин медициналык билим берүүнү интернационалдаштыруу, келечектеги дарыгерлердин клиникалык компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана билим берүү процессине алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү боюнча максаттуу аракеттерин көрсөтөт. Түзүлгөн өнөктөштүк медицина илиминин өнүгүшүнө да өбөлгө түзүп, студенттерди ар түрдүү бейтаптардын контингентине, заманбап медициналык технологияларга жана көп маданияттуу чөйрөгө жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.
Адам Университетинин Жогорку медицина мектеби эл аралык медициналык коомчулукка интеграциялануунун туруктуу стратегиясын көрсөтүп, университеттин глобалдык ой жүгүртүүсү жана кесиптик ийкемдүүлүгү бар жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоо борбору катары статусун бекемдейт.