Жаңылыктар жана окуялар

06.03.2026

М.В.Фрунзенин Мемориалдык үй- музеи

2026-жылдын 4-мартында университеттин «Экономика», « Менеджмент» «Туризм» жана «Бизнести башкаруу » программаларынын 1-курсунун студенттери М.В. Фрунзенин   Мемориалдык үй- музеинде болушту.
Музейде студенттерибиз советтик мамлекеттик ишмер, атактуу Кызыл Армиянын командири, аскердик теоретик М.В. Фрунзенин  өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу  пайдалуу маалыматтарды  алышты.
Ошондой эле анын өмүр баянына байланыштуу уникалдуу документтер, фотосүрөттөр, аскер башчынын туугандары жана жакын достору белек кылган жеке буюмдары, ошондой эле жеке китепканасы, скульптуралары менен да таанышышты.
Музейге баруунун алдында студенттер музейдин   эрежелери менен таанышышты.
Шаарыбыздын театр, музейлерине баруу иш -чаралары МТЖББ программасынын окуу-тарбия иштеринин комплекстүү планына ылайык  жүргүзүлөт.

                                                                                   МТЖББ программасы.