06.03.2025
Медик – студенттердин маданий өнүгүүсү: тарбия иштеринин алкагында И.Раззаков тууралуу фильм көрсөтүлдү.
2025 жылдын 4 – мартында Адам университетинин “Дарылоо иши” адистигинин
1-курсунун ЛД-6-24 жана ЛД-8-24 группаларынын студенттерине 1- окуу корпустун
101 - аудиториясында кыргызстандык режиссер Алим Токторовдун “Раззаков” көркөм-тарыхый тасмасы көрсөтүлдү. Тасмада 1950-1961-жылдары бул кызматты аркалаган
Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи Исхак Раззаковдун тарыхы баяндалат. Раззаков атындагы фонддун колдоосу менен тартылган тасмада архивдик материалдар менен көркөм эпизоддор көрсөтүлгөн.
Негизги билим берүү жана медициналык иш-чаралардан тышкары, Адам университетинин
“Дарылоо адистигинин” студенттери алардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жана көз карашын кеңейтүүгө салым кошкон иш-чараларга активдүү катышышат.
Иш-чаранын мындай форматы келечектеги дарыгерлерге медицина тармагындагы билимдерин тереңдетип гана тим болбостон, дүйнөгө кеңири көз карашты калыптандыруу менен тарыхый жана маданий аспектилерди жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Бул иш-чара ДГДнын окуу-тарбия иштеринин комплекстүү планы боюнча белгилүү мамлекттик ишмер И.Раззаковдун 115 -жылдык мааракесине арналган.


